Быйылкы III форум 22-июль күнү Чолпон-Ата шаарында өтүп, Орусия, Корея, Индия, Түркия жана Кытайдан келген чет өлкөлүк коноктор катышат.
Максаты — Кыргызстандын, анын ичинде Ысык-Көлдүн инвестициялык потенциалын жогорулатуу болуп эсептелинет. Экономика тармагы бир нече секцияда каралат. Алардын катарына агро өндүрүш комплекси, туризм жана экология, тоо кен жана энергетика, каржы менен телекоммуникация кирет.
Мурунку өткөн эки форумда бир катар ири инвестициялык долбоорлордун келишимдерине кол коюлганын экономика министрлиги маалымдайт.