Жеңүүчүлөр 5-7-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө II-дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагындагы «World Nomad Fest 2016» фестивалында аныкталат.
«ДКО-II-2016» фестивалынын катчылыгы, КР маданият, маалымат жанан туризм министрлиги 12-15-августта эки республикалык конкурс өткөрөт.
«Nomad Fashion Fest 2016» аталышындагы жаш дизайнерлердин жана этникалык ырлардын конкурсу көптөгөн жаңы идеялардын башаты болуп, этникалык салттарды сактоого өбөлгө түзүп, чыгармачыл адамдардын башын бириктирет.
Ал эми автордук-дизайнерлик кийимдердин көргөзмөсү «Этностиль», «Авангард» жана «Аксессуарлар» номинациялары боюнча болот.
Жеке же топ менен аткарылган музыкалык чыгармалар (фолк жана неофолк, фолк-рок, джаз-фолк, этно-поп, нью-эйдж, world music- дүйнө элинин музыкасы) калыстардын чечими менен тандалып алынат.
Конкурска катышуу арызын 7-августка чейин берүүгө болот.