Красноярскийде сулуу жана таланттуу кыргыз уул-кыздарын тандашты.
Орусиялык ММКлар жазгандай, биринчи жолу өткөрүлүп жаткан «Ак-Ийнек» сулуулук сынагынын финалы 10-июлда өттү.
Сынакка 5 улан жана 5 кыз катышкан.
Биринчи этапта катышучулар орус жана кыргыз тилинде салтанатуу саламдашуу айтышты.
Андан кийин «таланттар сынагы» болуп, улан-кыздар өнөрлөрүн көргөздү.
Эң кызыктуу учуру катышуучулар тасма каармандарына айланганда болду.
Жыйынтыгында жеңүүчү деп 21 жаштагы Адинахан Абдурахимова жана Медетбек Мамашов табылды.