Космопарк эс алуу жайында кечээ алдыңкы IMAX системасы менен жабдылган кинотеатрдын ачылуу аземи болду.

Салтанатка синематика тармагынын өкүлдөрү гана эмес IMAX уюмунун вице-президенти Джон Шрайнер да катышты.

Бул кинозалдын өзгөчөлүгү жана тасмага сүңгүп кирүү сыры чоң 3D экранында жатат.

Кирүү акысы дүйшөмбү-шейшемби күндөрү 180 -400 сом, ал эми бейшемби-жекшембиде 240-500 сомго билет алууга болот.