Наталья Гайворонская Шотландияда өткөн көчө футболу боюнча дүйнө биринчилигинде «Мыкты дарбазачы» намын алды.

Бул тууралуу КРдин көчө футбол федерациясынан билдирди.

Кыргызстан курамасы финалга чейин жетип, бирок Мексикадан 5:0 эсебинде утулуп калган. Жыйынтыгында алар күмүш медалга  ээ болгон.