Аламүдүн районундагы «Салих» колбаса чыгаруучу цехтеги өрт тамеки тартуудагы этиятсыздыктан улам келип чыккан.

ӨКМ билдиргендей, кырсыктын кесепетинен 40 тонналык 18 контейнер, 20 тонналык 4 контейнер, 40 тонна күн карама даны, картон упаковкалары, полиэтилен баштыктар, станоктор, конвейерлер жана макулатура күйгөн.

Өрт кечээ болжол менен саат 10:00до башталган.