Кытайдын спортчулары көчмөндөр оюндарына катышаарын расмий түрдө билдиришти.
Тиешелүү кат Кытайдын спорт башкармалыгы тарабынан көчмөндөр оюндарынын катчылыгына жөнөтүлгөн.
“II көчмөндөр оюндары сиздердин кооз өлкөңүздѳрдө 3-8-сентябрларда өтөѳрүн угуп, кубанычтабыз. Биз тараптан 59 адамдан турган спорт делегациясы жөнөтүлөт. Алар спорттун 8 түрү боюнча мелдештерге катышышат”, — деп билдирилет.
Ошондой эле алар этникалык спорттун 2 түрү: кытай жана монгол күрөштөрү боюнча көрсөтмө оюндарын өткөрүүнү пландаштырууда.
Буга чейин 18 мамлекеттин катышаары аныкталган.