№47-колониянын жетекчиси аудио-видео жабдууларды, фотоаппараттарды киргизүүгө болбой турганын түшүндүрүп, жабдууларды атайын бөлмөгө тапшырууну сунуштаган.

Бирок Кубат Оторбаев макул болбой кетип калган.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдиргендей, акыйкатчынын тоскоолдуксуз абакка кирүүгө укугу бар. Ал эми фото, видео жабдуулары соттолгондордун, администрациясыны макулдугу менен киргизилет.

Акыйкатчы ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратканы үчүн №47 колония жетекчилигине жаза колдонууну суранып, башкы прокуратурага арыз менен кайрылды.