Сайтта Кыргызстандын 40 баалуулугу көрсөтүлгөн.
Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов билдирди.
“Анда дарыялар, тоолор жөнүндө маалыматтар камтылган. Андан сырткары өлкөнүн аймагындагы Юнеского кирген баалуулуктардын өзүнчө бети бар. Гугл картага түшүрүлгөн керектүү маршруттар кошулган”, — деди Жаманкулов.
Анын айтымында, туристтердин 80-90%ы Кыргызстан жөнүндө маалыматты интернеттен алат.
“Ошондуктан сайт 6 тилде иштейт. Алар кыргыз, орус, англис, араб, кытай жана түрк тилдери. Башка өлкөлөрдөн келе турган учак, поезд жана автобустардын каттоо убактылары да коюлган” – деп кошумчалаган.
discoverkyrgyzstan.org сайтына жуманын 7 күнүндө 24 саат бою кирүүгө болот экенин иштеп чыгуучусу Мирбек Окенов билдирген.
Ал билдиргендей баракча Германиянын серверинде жасалып, техникалык талаптарга жооп берет.
Сайтка Тика эл аралык уюму демөөрчүлүк кылган.