«Элет керемети» фестивалы Ак-Суу районунун Кайырма-Арык айылында өттү.
«Бул биздин айылда өткөрүлүп жаткан алгачкы иш-чара»,-дейт уюштуруучу Анара Дубанаева.
Үркүндүн 100 жылдыгына арналган көрсөтүүлөр болду.
Тушоо кесүү, баланы бешикке салуу, кыз узатуу салттары көрөрмандардын өзгөчө кызыгуусун туудурду.