Ысырапчылыктан баш тартып кайрымдуулук кылгандар дүйнөнүн ар бурчунда кездешет.
Украинанын Харьков шаарындагы жеке мектептин быйылкы бүтүрүүчүлөрү 150 миң гривен (6048$) чогултуп оорулуу балдарга которушкан. Аталган каражатка окуучулар бүтүрүү кечесине жумшамак.
Удмуртиянын Ижевск шаарында (Орусиянын курамындагы республика) үйлөнө турган жаштар белек чогултуп мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга өткөрүп беришкен.
Гүл же башка белектердин ордуна оюнчук менен балдарга керектүү буюмдарды гана алышкан. Кийилбеген кийимдерди топтогон жаш жубайлар, жардам бергендерди үлпөт торту жана чөп чай менен сыйлашкан.
Өткөн жылдын сентябрь айында Түркияда үйлөнүп жаткан жаштар той өткөрүүнүн ордуна 4 миң качкындын курсагын тойгузган. Белек катары берилген акча каражаттарына сириялык качкын балдарга тамак беришкен.
Мындай кайрымдуулук иштеринен Кыргызстандын да уучу кур эмес.
Нарындын Жумгал районунун Жаңы-Арык айылынын 20 жыл мурунку мектеп бүтүрүүчүлөрү айыл тургунуна үй сатып беришкен. Ошондой эле тамды оңдоо милдетин да өз мойнуна алышкан.
Таластын Бакай-Ата районундагы мектепти 10 жыл мурун бүтүргөн мурунку окуучулар 7 баласы бар жалгыз бой энеге үй куруп беришкен.
Ал эми Сокулук районунун Төш–Булак айылдык мектебинин 10 жыл мурунку бүтүрүүчүлөрү аз камсыз болгон үй-бүлөгө жылкы сатып беришкен.
Ошондой эле жакынкы күндөрү дагы бир үлгүлүү эстафета пайда болду.
Үйлөнүп жаткан жубайлар күркүрөгөн той өткөрүүнүн ордуна өспүрүм балдарга мектеп кийимин жана окуу-куралдарын алып берүүнү чечишкен.
Жалпы 50 миң сом акча каражат жумшалып 25 балага жардам берилген.
Андан кийинки эстафетаны алган жубайлар 80 миң сом өлчөмүндөгү каражатка мүмкүнчүлүгү чектелген 60 балага жардам беришти.
Ал эми өз кезегинде президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева да сүрөт көргөзмөсүнөн түшкөн 200 миң сомду даун синдрому менен ооруган балдарга жумшаган.