Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров «Эс алуу бүттү, ишке чыгыңыз, урматтуу депутат» деген чакырык менен митингге чыкты.

«Эл өкүлдөрү жай мезгилин эс алуу менен эле өткөрүшөт. Маселелерди көтөрүп коюп, күзгө калтырып жатышат. Азыр чечүүгө муктаж олуттуу көйгөйлөр бар. Маселен, Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча, чатырларда билим алып жаткан окуучулардын көйгөйүн чечишпейби», — деди Токтонасыров.

Анын талабы депутаттар тез арада ишке чыгып, маселелерди чечүү керек. Телефонунан короздун кыйкырыгын жаңыртты.