Калк үчүн газ метр кубуна 14,27 сом болгонун “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсы билдирди.
Ал эми өндүрүш мекемелерине, коммерциялык жана бюджеттик уюмдарга болгон тариф баага кошулган салык менен сатуудан түшкөн салыкты кошкондо 17,51 сом болгон.
Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин буйругу менен аталган ишкана 15-июндан тартып улутук банк коюп берген сом жана доллардын курсу менен ар бир айдын биринде кайра эсептөө жүргүзүп туруусу керек.