Так илим багытында билим алгысы келген абитуриенттер азаюуда.
Кыргызстанда жогорку окуу жайлардын гранттык орундарына абитуриенттерди кабыл алуу аяктап, контрактык негизде кабыл алуу 25-августка чейин улантылат. Быйыл окууга тапшыргандар арасында бюджеттик негизде катталган студенттердин саны 4604тү түздү. Ал эми былтыр 1831 студент бюджеттик орунга кабыл алынган эле.
Быйыл гранттык орундарды бөлүштүрүүдө так илимдер жана педагогикага басым жасалган
2016-2017-окуу жылына жогорку окуу жайлар үчүн 5705 гранттык орун белгиленген. Адатта бюджеттик орундар рыноктогу талапка ылайык бөлүштүрүлөт. Алсак, быйыл компьютердик технология 420 орун, айыл чарба 420 орун, өндүрүш 600 орун, энергетика 200 орун жана педагогика 2095 тармагына көбүрөөк орун берилген. Адистердин айтымында, инновациялык технологиялар, кен иштетүү, машина куруу адистиктерине Кыргызстанда талап күчтүү.
Бирок физика-математика, өндүрүш жана педагогикалык багыттагы гранттык орундар толгон жок. Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлагандай, мунун себеби абитуриенттердин көбү математика жана физикадан тапшырган тесттердин аз упай алганы менен байланыштуу.
Кыргызстанда так илимдерди окутуу менен адистик берген кесиптерге окугусу келген жаштардын саны эмнегедир жыл сайын азаюуда.
Абитуриенттер физик болуу үчүн эмес, акысыз окуу үчүн тапшырышат
Бишкектин жогорку окуу жайларынын биринде физика окутуучусу болуп эмгектенген Максат Турдумаматовдун айтымында, табигый билим берүү багытындагы адистиктер калоочуларды эң оболу акысыз болгондугу үчүн кызыктырат.
«Биздин жогорку окуу жайдагы физика жана электроника факультетине 50 орун бөлүнүп берилген. Гранттык негиздеги орундардын баары толду, бирок контрактык орундар бош калды. Бюджеттик негизде окууга өтүүнү каалаган абитуриенттер байма-бай болгону менен контракттык бөлүмдөргө ченелүү гана болду. Негизи бизге мектеп бүтүрүүчүлөрү физик болоюн деп эмес, акысыз билимге ээ болоюн деп келишет», — деди.
Азыркы учурдун актуалдуу кесиптери
Абитуриенттердин арасында мурдагы жылдардагыдай эле экономика, юрист, экономист, чет тил, эл аралык мамилени окугандардын саны абдан көп.
Кыргызстандын эл аралык университетинин жаңы студенти Мирлан Каниметов экономист кесибин эмне себептен тандаганын мындайча түшүндүрдү.
«Атам менин финансист болуп банкта иштөөмдү каалагандыктан, сөзүн угуп бул кесипке тапшырууну чечтим. Негизи менин физика, математикага шыгым жок. Мен престиждүү жана өзүмө жана өлкөмө пайда алып келе турган кесиптин ээси болгум келет», — дейт Каниметов.
Ал эми Нарындан келген Нуркыз кытай тили факультетине контрактык негизде окууга өткөн.
«Менин тестимдин жыйынтыгы 166 балл болду.Чет тилдер факультетине бекер тапшырайын деп көксөп келгем, бирок ал багытта гранттык орундар жок экен. Ошондуктан, контрактка окууга туура келди. Мисалы, акчасы жок классташтарымдын кээ бири педагогика жана математика факультеттерине тапшырышты. Бирок көбүнчөсү айла жок тапшырышканына күбө болдум», — деди ал.
Быйыл Кыргызстандын орто мектептерин 62 миңден ашуун бүтүрүүчү аяктады. Анын ичинен 50 бүтүрүүчү жакшы окугандыктары үчүн “Алтын тамга» сертификатын алышты. Булар сынактан тышкары каалаган окуу жайында билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ошондой эле, жогорку окуу жайларына кирүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү 110 баллдык босогодон 25 миңден ашуун абитуриент өткөн.
Автор: Мээрим Кайыпсагын