Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-орус өнүгүү фондунун төрагасы Кубанычбек Кулматовду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчыга  айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай тармактарындагы чакан жана орто бизнести каржылоо боюнча иштерди жүргүзүү тууралуу маалымат берилди.

Кулматов билдиргендей, фонд 340 ар тармактуу долбоорду жактырды. Жалпы суммасы 118 млн долларды түздү.

Мамлекет башчысы мындан ары Кыргызстандын бардык аймактарынан келген бул чакан жана орто бизнести камсыз кылуу үчүн өнүктүрүү боюнча иш-чараларды күчөтүү зарылчылыгын баса белгиледи.

Бөлүшүү