Индонезия каршылыгын билдиргенине карабай, Түркия менен болгон достук мамилени сактап калууну каалайт.

“Биз ар дайым башка өлкөлөрдүн мыйзамы менен суверинетин сыйлайбыз. Ошондуктан бул кадамды туура кабыл алышат деп ишенебиз”, — деп өлкөнүн тышкы иштер министри Ретно Марсуди билдирген.

Анын айтымында, билим берүү министрлиги менен талкууга алынганда мектеп тарабынан эч кандай мыйзам бузуулардын болбогону аныкталган. Ошондуктан 9 окуу жайды жабуу боюнча дипломатиялык жол менен коюлган талаптардан баш тартууга туура келген.

Түрк бийлиги Фетхуллах Гүленге тиешелүү мектептерди жабуу боюнча бир катар өлкөгө кайрылган. Анткени, учурда 16-июлда өлкөдө болгон төңкөрүш аракетине Гүлен жана анын тарапташтары күнөөлөнүүдө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү