Акыркы учурларда Боом капчыгайында таштар кулап жатканына көп күбө боло баштадык. Мындай кырсык бир адамдын өмүрүн дагы алып кетти.
«Кыргызжолтранс» долборлоо институтунун жетекчиси Жамшитбек Калилов Saat.kgге бул табигый кырсык эмне үчүн болуп жатканын жана кантип алдын алса боло турганын айтып берди.
«Бишкек-Нарын-Торугарт жолу 2 жыл мурун курулган. Ошол кезде кыргызгидрометтин берген маалыматына ылайык бул аймак 5 зонага кирет деп айтылган. Демек бул жамгыр аз жаай турган бөлүк деп атасак болот. Бирок бул жылы аномалдуу аба ырайы болуп, жаан көп жаады. Ошондуктан таштар туруштук бере албай калды», — деди ал.
Жол туура эмес курулду, тоону туура эмес кесишти деп адашкандар көп болууда
«Азыр ар бир бешинчи адам өзүн адис деп эсептеп, жолду кытайлар туура эмес курган деп жалган маалыматтарды таратып жатышат. Бул боюнча атайын комиссия келип текшерип, түтүктөрдүн коюлушун, жолдун салынышын көзөмөлгө алып кеткен. Демек тоону туура эмес кести деп айтууга болбойт», — дейт.
Кандай чара көрүш керек?
«Боом капчыгайында темир жол дагы бар. Алар сапарга чыгардан мурда таштарды кулатып алышат. Биз да ушундай чараларды көрүшүбүз керек. Бирок жаан-чачын көп жаайт деген божомолдор болгон эмес. Ошондуктан тийиштүү чараларды көргөн эмеспиз»,- дейт Ж.Калилов.
Ал эми Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Сыргаболот Кожобергенов көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кеп салды.
«Азыр бул аймакта күнү-түнү онго жакын кызматкерлер кезектешип иштеп жатышат. Атайын техника алынып келинген. Альпинисттер менен сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Кайсыл жерде кулатууга болот же болбойт экенин изилдеп алышыбыз керек», — дейт ал.
Жол тыгынына кабылган айдоочу эмне дейт?
Бишкек- Бостери-Чолпон-Ата жолу менен каттам жүргүзүп иштеген айдоочу Бактынур Шамырканов кооптуу жолдон араң айдап жүргөнүнө токтолду.
«Күнүнө 15-20 мүнөттөн ашык жолдун тазаланышын күтөбүз. Жаан-чачын жааган маалда 3 саатка чейин туруп калабыз. Бул жерден өткөн да коркунучтуу болуп калды», — дейт ал.