Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов ага-ини Назаровдорду Кыргызстанга алып келүү чечими кабыл алынганын saat.kgге билдирди.
«Чыгымдарды «Эйр Кыргызстан» өз мойнуна алды. 5-7 күнгө II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына келет деген ойдобуз. Азыр ал ата-энесинен уруксат алууда»,-дейт А.Жаманкулов.
Бул өспүрүм өзүнүн бир тууганы менен кеңсе кызматкерлеринин татаал жашоосун чагылдырууга аракет кылган.
Ал социалдык тармакта сынакка катышып, баш байге Кыргызстанга болгон саякатты жеңүүнү көздөгөн. Бирок random.org сынактын жыйынтыгын чыгарып, Игорь Назаров тизмеде экинчи болуп калган.
Кыргызстандык социалдык тармактардын колдонуучулары 300-400 сомдон чогултуп Игорду алып келүүнү пландашкан.