4-августка караган түнү «өлтүрүү болду» деген чакыруу 102 кызматына түшкөн.
Бишкек ШИИБ кабарлагандай, Трудовая көчөсүндөгү үйдү текшерүүдө 27 жаштагы аялдын сөөгү табылган.
Ошондой эле ал үйдө мерт кеткен аялдын жолдошу менен 6 жаштагы наристе болгон. Маалыматка ылайык, кызганычтан улам бул үйдө ызы-чуулар болуп турган. Бул жолу да чыккан жаңжалдан ал өз аялын уктап жаткан жеринен муунтуп өлтүрөт. Андан соң баласын ойготуп, тез жардам чакырат.
Кылмышка шектүү кармалып, иликтөө жүрүп жатат.