Жай мезгили баштала элек жатып быйыл сезон жакшы болот экен деген кептер чыга баштаган. Бирок биринин артынан бири уланган ызы-чуулар эс алуучуларды кооптонтуп койгондой.

Тонолгон орусиялык үй-бүлө

 

Тонолгон Ребровдор үй-бүлөсү
Тонолгон Ребровдор үй-бүлөсү

Алгач эле мурунку милиция кызматкерлери Орусиядан келген эс алуучуларды тоноп, коомчулукту бир дүрбөтүп алды.

4-июлда Ысык-Көлгө келе жаткан орусиялык жарандарды Токмоктон өздөрүн милиция деп тааныштыргандар 20 миң рубль, 45 миң сом жана 100 евросун тоноп кетишкен. Бирок аягы жакшы болуп бүттү. Кыргыз эли меймандос экенин далилдеди.

Скутер чуусу

скутер

Кара-Ой айылынын Алтын-Жай пансионатында мас абалындагы казак жараны скутер менен кум жээкти аралап кеткен. Окуядан жабыркаган 65 жаштагы Марипат Ташполотова Ош шарынын Ноокат районунун тургуну.

Ал эми скутердин айдоочусу 29 жаштагы Х. Рустам Алматы шаарынын жашоочусу.

Ташполотова кийин арыз жазуудан баш тарткан.

20 сомдун айынан чыккан жаңжал

жаңжал

23-июлдагы «Көгүлтүр Ысык-Көл» (Голубой Иссык-Куль) пансионатынын аймагында казак туристтери менен жергиликтүү балдардын жаңжалы болду.

ИИМдин берген маалыматына ылайык, уруш 20 сом кире акысы үчүн болгон. Эс алуучулар төлөөдөн баш тартып, кум жээке кирүүгө аракет кылышкан. Жыйынтыгында болгон жаңжал интернет айдыңына тарап кеткен.

Унаа токтотуучу жайдын чуусу

30-июлда жергиликтүү базардын жанындагы унаа токтотуучу жайда өспүрүм орусиялык туристтен машинесин токтоткону үчүн 50 сом акы сураган. Дубалда “токтотуу акысы 20 сом” деп турганына байланыштуу турист ага ашыкча акча бергиси келген эмес. Өспүрүм ага макул болбой, машиненин жолун тороп туруп алган. Ортодо пикир келишпестик чыгып, бала унаанын айнегин таш менен сындырып салган. Бирок өспүрүм акча үчүн сындырган эмес. Анын бутун турист унаасы менен тепсеп кеткен экен.

Эки тарап тең бири-бирин күнөөлөп арыз жазган окуя азырынча иликтенүүдө.

Ысык-Көлдөгү айдоочу келинди 3 жаштагы баласынын көзүнчө зордуктаган

Азыркы учурда коомчулукта кызуу талкуу жараткан окуя 33 жаштагы аялдын баласынын көзүнчө  зордукталышы болду. Ал Балыкчы шаарынан Бишкекке келе жаткан.

Ысык-Көл облусттук ИИБ билдиргендей, окуя 28-июлда болгон.

Бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп натыйжада кылмышка шектүү катары Балыкчы шаарынын 30 жаштагы тургуну кармалган.

Жол кырсыктар

боом

Айдоочу менен эс алуучуларды кооптонткон Боом капчыгайындагы таштар быйыл бир кишинин өмүрүн алды. Бир нече жолу таштар кулап жатты. Жаан-чачын көп болгондуктан таштар туруштук бере албай жаткандыгын «Кыргызжолтранс» долборлоо институтунун жетекчиси Жамшитбек Калилов айтып берген.

Бөлүшүү