Акыркы эки күндө америкалык валюта максималдуу темп менен көтөрүлдү. Азыркы учурда акча алмаштыруучу жайлар валютаны 68,50 сомдон алып, 68,70 сомдон сатууда.

Буга чейин доолар 67-67,30 сомго чейин болгон жана бул көрсөткүчтү эки ай бою сактаган.

Эксперттердин айтымында, жайдын ортосундагы бул валютанын стабилдүүлүгү, туристтик сезон жана чет жердик акчалардын жергиликтүү базарга кириши менен байланыштуу болгон. Бирок күздүн келиши менен долллардын көтөрүлүшү болжолдонгон.

Бөлүшүү