Казань шаарында өтө турган фестивалга 33 өлкөдөн 60 тасма тандалган. Анын арасында 3 кыргыз тасмасы бар.
Фильмдер “толук-кыска метраждуу оюн тасмалары”, “документалдык тасмалар” жана “анимациялык тасмалар” номинациялары боюнча ат салышат.
Кыргызстандан режиссёрлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун “Атанын керези” толук метраждуу тасмасы, Жаңыл Жусупжандын “Памирден кат” толук метраждуу документалдык тасмасы жана Алижан Насыровдун “Ата Бейит” кыска метраждуу документалдык тасмасы катышат.
Сынакка катышууга 700дөн ашык табыштама түшкөнүн кинематография департаменти кабарлады.