Үркүн окуясында каза болгондор үчүн «Ата-Бейит» комплексинде эстелик курулуп жатат.
Бул маалыматты бүгүн өкмөттөн билдирди.
Жумуш сапарын вице-премьер-министр Гульмира Кудайбердиева, транспорт министри Замирбек Айдаров, финансы министирлиги Адылбек Касмалиев, маданият министри Түгөлбай Казаков коштоду.
«Бардык иштерди жогорку деңгээлде өткөрүү керек. Себеби улуттук-боштондук күрөштүн 100 жылдыгына арналган иш-чаранын орду чоң»,- деп белгиледи С.Жээнбеков.