Орусиянын Челябинск облусундагы ФКК кызматкерлери салафизм идеяларын жайылткан топту кармашты.
Уюштуруучулар болуп 2 кыргыз жараны болдугун комерсант билдирет.
Миссионердик аракет менен жамынып салафит идеологиясын жайылтыкан топ жолугушууларын атайын батирде уюштурчу.
Маалыматка ылайык, ал жерде салафизм, жихадга үндөө жана башка диндерди жок кылуу ойлору айтылган.
Чогулуштарга 5ке жакын адам катышып, уюштуруучулар бул иш-аракеттерин 2013-жылдан тарта жүргүзүп келгендиги белгилүү болду.
Азыркы учурда алар айып пул төлөп жоопко тартылды жана Орусия аймагынан депортацияланды.