Чолпон-Атадагы курулуп жаткан ипподромдон куруучу 30-июлда 8 метр бийиктиктен кулап кеткен.

Жабырлануучу 28 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну. Саламаттыкты сактоо министрлиги Saat.kgге билдиргендей, анын баш мээси чайкалган.

«Азыркы учурда ал ооруканада. Абалы орточо», — деп билдирди министрлик.