Өзгөчө сүрөттүн өлчөмү 2,5-1,25 метр. Сүрөттү учак менен Грозныйга жеткирет.
Маалыматка ылайык, жаратуучу жолго толук 1 ай коротот. Себеби бир нече унаа түрүн алмаштырууга туура келет.
Кадыров
Азамат Жаналиев бир нече жылдан бери заманбап искусство түрү String ART менен алектенип келет. Ал мык жана жиптин жардамы менен белгилүү адамдардын уникалдуу портреттерин жасайт.
Анын биринчи сүрөтү Чыңгыз Айтматовдун портрети болгон.
Кийинчирээк Алмазбек Атамбаев жана Саякбай Каралаев андан соң Ахмат-хаджи Кадыров. Бул Чечен республикасынын президентинин туулган күнүнө болгон белек болмокчу.

Бөлүшүү