Сириянын түрмөсүндө жаткандарды бошото турган болсо, тик учакка тийген октон жарылып каза болгондордун сөөгү берилет.

Топ өзүн камактагылардын иши боюнча генералдык фонд деп атайт. Алардын жазган катында кимдерди бошотуу керек экендиги так жазылган эмес. Сирия армиясы жана анын союдаштары чек койгон аймактарга кирбөөгө талап коюлуп, алардын гуманитардык жардамды да каалабай тургандыгы айтылган.

1-август күнү Идлиб провинциясынан орусиялык Ми-8 тик учагына сокку урулуп, экипаждан 5 адам каза болгон.

Бөлүшүү