Адамдарга кол салган айыпталуучу түбү сомалиялык Норвегиянын жараны болуп чыкты.

Берилген маалыматтар боюнча 19 жаштагы жигит психикалык жактан оорулуу болгону үчүн мындай кадамга барган. Терроризмге байланышы бар деген божомолдоолор азырынча төгүндөлбөйт.

Анын жанынан орган кызматкерлери радикализмге тиешелүү буюмдарды таба алган эмес.

Лондондун борборунда бычак менен куралданган адам жай тургундарга кол салган. 1 адам каза болуп, 6 киши жаракат алган болчу.