Президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Аскат Акибаев жолугушуу учурунда социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жүрүшү, регионго инвестицияларды тартуу иштери боюнча талкуулашты.
Андан сырткары II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык боюнча, туристтик сезонду өткөрүү боюнча айтып, курорттук чөйрөнү өнүктүрүү маселелерине токтолду.
“Көл боюнда сентябрда өтө турган эл аралык ири иш чара — II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучулары менен келген конокторду жакшылап тосуп алышыбыз зарыл. Бул Кыргызстандын беделин гана көтөрөт” – деди президент.
Президент эс алуучулардын коопсуздугу үчүн жергиликтүү бийликтер бардык шарттарды түзүүгө тийиш экенин белгиленин президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.