Казакстан курамасы азыркы учурда көк бөрү боюнча Азия чемпиону болуп саналат.
«Казакстандын көк бөрү федерациясы катышууга макулдугун берди жана турнирге даярданып жатышат»,- деп КР көк бөрү федерациясы билдирди.
2013-жылы болгон Астанадагы турнирде Казакстан Кыргызстан курамасын жеңген.
2014-жылы Казакстан I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырылган. Бирок белгисиз себептерден улам келбей калган.
I ДКОда алтынды Кыргызстан-1 командасы, ал эми күмүштү Кыргызстан-2 алган.
II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары 3-8 сентябрда өтөт.