Мамлекеттик салык кызматы компания тарабынан 2014-жылдын 1-январынан тартып былтыркы жылдын 31-декабрына чейинки мезгилдеги салык карызы жоюлгандан кийин карызы жок экендигин ырастаган.

Текшерүү учурунда бир катар салыктык мыйзам бузуулар аныкталган жана 37 млн 597,5 миң сом кошуп эсептелген.

«Кумтөр Голд» компаниясы ЖАК бюджетке жогоруда көрсөтүлгөн сумманы толук көлөмдө төлөп берүү менен табылган мыйзам бузууларды жойгон. Ошондон кийин салыктык карыздар толугу менен төлөнгөнү тууралуу расмий ырастоочу кат берүүсүн суранган.

«Ал эми жакында эле «Кумтөр Голд» ЖАК бир катар ММКга пресс-релиздерди таркатты. Анда салык кызматынын Бишкек жана Чүй облустары боюнча Ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгы тарабынан 2014-жылдын 1-январынан тартып 2015-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил ичинде «Кумтөрдү» текшерүү учурунда эч кандай салыктык мыйзам бузуулар табылган эместиги жана аны ырастоо үчүн бул салыктык башкармалык тарабынан кат да жөнөтүлгөндүгү тууралуу айтылат”, — деп билдирет.

Аталган кызмат компаниянын берген бул маалыматынын чындыкка дал келбешин билдирет.

 “Жиберген катта Кумтөр тарабынан мыйзам бузуулардын болбогондугу ырасталган эмес, анткени бул компанияда жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам бузуулар болгон”, — деп МСКнын басма сөз кызматы билдирет.