Жүз метрлик сүзүүдөн жеңип чыккан Юсра Мардина чоң эрдик жасап анан Риого жолдомо алган.

Окуя cириялык качкындардын арасында болгон. Үстүндө 18 кишиси бар кайыктын мотору сынып орто жолдо калышкан. Мындай курч абалдан чыгуу үчүн Юсра Мардина дароо деңизге секирген. Артынан бир тууганы кошо түшүп, андан кийин дагы бир адам кошулган. Алар сүзүп, кайыкты түртүп да жүрүп отурушкан. Бир маалда Лесбоса (Грекия) жээгине жете келишкен.

Юсра болгону 18 жашта. Алар сиңдиси экөө буга чейин сууда сүзүү боюнча профессионалдык деңгээлде машыгып жүрүшкөн.

Ал Сириянын атынан 43 качкын спортчунун катарына кошулган.