Алгачкы жолу паспорт алган Асира Турсуналиева 89 жаш куракка келип, пенсия ала турганын угуп кубанды.

Бүгүн Нарындын Кочкор районунда БУУнун качкындардын иштери боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы менен мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү жарандыгы жок же жарансыздык коркунучуна кабылган 15 адамга паспорт тапшырышты.

“Чынында менин көйгөйүм мынчалык тез чечилет деп күтпөдүм эле. Ушул жашка чыгып мага паспорттун деле кереги жок, бирок неберем менен анын балдарына бул мен жөнүндө эстелик болуп калат”, – деди Турсуналиева.