Конья шаарында 24 жаштагы Муаммер Башактын жансыз денеси табылганын, ага кыргыз жараны шектелип жатканын түрк басылмалары жазып чыккан.

Бул маалыматтарга байланыштуу КРдин Түркиядагы элчиси Конья шаарынын башкы коопсуздук башкармалыгына байланышып окуянын чоо-жайын тактаган. Алар чындап эле өлүмгө шектүү делинип, Канзада Б. кармалганын тастыкташкан.

Учурда Түркиянын укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Ал эми элчилик ишти көзөмөлгө алып жатканын тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү