Сахалинге Кыргызстандан иштегени келген орус улутундагы адам өзү менен кошо чөптүн тундурмасын ала барган.

Жабыркагандар болуп чогуу бир батирде туруп, бир ишканада айдоочу болуп иштешчү. Окуянын жүрүшү боюнча алар жумуштан кийин майрамдап, ичкилик ичип отурушкан. Ошол маалда ичимдик түгөнүп калгандыгына байланыштуу тундурманы кошо ичишкени айтылат.

Алар чөп дарыга ууланып, 2 киши дароо каза болуп, 3 адам ооруканын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Чөп дарынын ээси полицияга аны Кыргызстандан алып келгенин айткан. Жемиштерден турган тундурманы оорусу үчүн бир күндө бир кашыктан эле ичип жүргөнүн жана андан көп ичүүгө болбостугун кошумчалаган.

Бул окуя Углегорск шаарынын тергөө бөлүмүндө каралып жатканын орус ММКлары жазып чыгышты.

Бөлүшүү