Шектүү катары кармалган жаран Кара-Суу районунун тургуну.

ИИМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, милиция кызматкерлери кылмышка шектүүнүн Нариман айылындагы үйүн санкциялык тинтүүгө алышкан.

Натыйжада, жалпы салмагы 1 килограмм 8 грамм героин, 4 грамм гашиш табылган.
Топтолгон материалдарды иликтөө иштерин жүргүзүш үчүн аймактык ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Азыркы тапта Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүндө иликтөө иштери жүрүүдө.

Бөлүшүү