КР омбудсмени Кубат Оторбаев абактын жетекчиси Каримовдун ээлеген орду тууралуу суроону көтөрдү.

Оторбаевдин буйругуна ылайык атайын №47 абагында комиссия түзүлгөн. Ага соттолгондордун укугу сакталып жатабы же жокпу деген мониторинг жүргүзүүгө буйрук берилген.

«Мониторнингдин негизинде, акыркы 7 айда 14 адам каза болгондугу аныкталган. Эки жарандын өздүк иши текшерилип, иликтөөнүн жүрүшү тууралуу расмий иш кагаздар суралган. Бирок башкарма ар кандай себеп менен документтерди көрсөтүп бере алган жок. Ошого байланыштуу комиссия тарабынан башкы прокуратурага расмий кат жөнөтүлдү», — деп айтылат билдирмеде.

Басма сөз катчылыкта белгилегендей, ыкчам бөлүмдүн жетекчиси керектүү документтерди берүүдөн баш тарткан.