Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасын кабыл алды.

Жолугушуу учурунда ассамблеянын иши тууралуу маалымат алды. Ошондой эле азыркы жаңы шарттарда ассамблеясынын ролу жана функциясы өзгөргөнүн, ал этностор аралык мамилени башкаруунун демократиялык системасындагы өз ордун таба баштаганы жөнүндө укту.

Мамлекет башчы өлкө үчүн көп улуттуу элдин биримдигин чыңдоо боюнча иштердин мааниси өзгөчө экенин жана ал бардык мамлекеттик органдардын жана ар бир жарандын туруктуу мамилесин жана олуттуу аракеттерин талап кыларын баса белгиледи.

Бөлүшүү