Билеттерди Бишкек жана Ош шаарларында расмий сатуу түйүндөрүндө, ошондой эле “Всемирные Игры Кочевников 2016” атайын уюлдук тиркеме аркылуу сатып алса болот.

Баалар трибунадагы орундарга жараша болот: Оюндардын ачылыш аземинде – 300дөн 3800 сомго чейин, жабылыш аземинде – 300дөн 2000 сомго чейин болот.

Расмий сатуу түйүндөрүндө билеттер сатып алуучуну күбөлөндүргөн документтер көрсөтүлгөндө гана сатылат.

Сатуучу-оператор жеке маалыматтарды алгандан кийин маалыматтар базасына киргизет жана атайын жабдуу менен жаранды сүрөткө тартат. Андан соң QR-коду бар билетти берет, ал коддо сатып алган жарандын жеке маалыматтары болот.

Уюлдук тиркемеден билет сатып алгандан кийин:

Атайын графаларга өзүнүн жеке маалыматтарын толтуруп, өзүн сүрөткө тартуу керек. Андан соң трибунада бош болгон орунду тандап керектүү акча каражатты төлөшү керек. Жогорудагы баскычтарды өткөндөн кийин программа QR-кодду берет.

Сатылып алынган билет башка бирөөгө берилсе, ал жараксыз деп табылат жана акчасы кайтарылбайт.

Билеттерди Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш аземине гана сатылат. Оюндардын алкагында ат майданында жана кырчын жайлоосунда өтө турган спорттук жана маданий-массалык иш-чараларга кирүү акысыз болот.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү