Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Сыдыгалиев Чолпон-Ата шаарындагы Тогуз-Булак айылындагы сел жүргөн жерлерди көзөмөлдөө үчүн чыгып кетти.
Андан сырткары, мамлекеттик куткаруучуларды даярдоо борборунан 20 куткаруучу жөнөп кетти.
Бүгүн аталган шаардын Тогуз-Булак участкасында жамгырдын катуу жаашынан 1 үйдүн ичине, 4 үйдүн короосуна сел суулары кирген.
Жергиликтүү бийлик өз убагында арыктарды каздырбаганына жана тургундар арыктарды казууга уруксат бербей койгондугуна байланыштуу аталган кырдаал жаралганын ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.