Сокулук районунун Ново-Павловка айылын аймагына белгисиз бирөөлөр химиялык уулуу затты таштап кеткен.
Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери аталган жерге барып, ташталган затты аныктоо аракетин көрүшкөн. Химиялык зат эки жүз литрлик бочкаларда болуп, сыртындагы белгилери өчүрүлүп, кагаздары сыйрылган.
Уулуу заттын жалпы салмагы болжол менен 4,5 тоннаны түзөт. Бочкалардын бирөөнө жабыштырылган кагаздын айрындысы табылып, ал немис тилинде жазылган. Которо келгенде өтө коптуу жана өтө коркунучтуу ооруларды чакыра турган уулуу зат экендиги аныкталган.
Учурда экологиялык коопсуздук башкармалыгынын адистери тарабынан ыкчам чаралар көрүлүп, иликтөө иштери жүрүп жатканын инспекциянын басма сөз кызматы билдирди.