ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков ТАРдын элчиси Шириш Манаклал Сони менен жолугушуп, эки тараптуу мамиленин өнүгүшү тууралуу сүйлөштү.
Турсунбеков эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгынын чоң потенциалы бар экенин белгилеп, Кыргызстан ТАРдан инвестицияларды илгерилетүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Ал эми элчи болсо эки өлкөнүн БУУ алкагында жемиштүү кызматташып жатканын айтып өттү. Ошондой эле амлекеттер тоо-кен тармагы боюнча кызматташуу керек экендигин белгилегенин ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.