Былтыркы жылдын көрсөткүчүнөн 4,5 млрд кубка көбүрөөк болду.
Өкмөт жылуулук сезонуна көлөмдү 17 млрдка жеткирип туруп кирүүнү пландап жатканын премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү селектордук жыйында билдирди.
Энергетика ишканаларынын каржы көрсөткүчтөрүн жакшыртуу максатында коопсуздукту сактоо жана чыгымдар менен авариялык кырдаалдарды азайтуу үчүн аракеттерди көрүү керектигин өкмөт башчы кошумчалады.
Андан сырткары бир катар тапшырмаларды берип, отун-энергетика комплексин жөнгө салуу агенттигине кыска мөөнөттүн ичинде тарифтик-баа саясатын жөндөп чыгууну буюрду.
Ошону менен бирге эле чыгымдар, керектүү жабдууларды сатып алуу ачык-айкын болушу керектигин билдирди.