Индиянын Жамму жана Кашмир штаттарындагы протестанттар менен полициянын ортосундагы кагылышуу кайрадан кайталанды.
Бир айга созулган жаңжалда 66 дан ашуун адам каза таап, 8 миң кишинин жаракат алганы белгилүү болгон.
Шаршемби күнү коопсуздукту сактоо кызматкерлери рейд жүргүзүп жатып, кайрадан сепаратисттер менен чарпышып кетишкен. Бир адам мерт кетип, 18и жарадар болгон.
Каршылык акциялары июлдан башында «Хизб-уль-Мужахидин» террористтик тобунун 22 жаштагы лидери Музаффар Вани жок кылынгандан кийин башталган. Айдын аягында абал тынчыган. Бирок, бийлик тарабынан киргизилген чектөөлөр алынгандан кийин башаламандыктар кайра башталган.
Аталган штаттардагы мусулмандар жашаган бөлүктөрдө сепаратисттер Пакистанга биригебиз деп каршылык акциясына чыгып келишет. Ал эми эки өлкө ортосунда официалдуу чек ара жок. Көзөмөлдөө сызыгын аскерлер гана кайтарып турушат.