Мамэкотехинспекциясы Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан комплекстин аймагы дыкат көзөмөлгө алынып, мыйзамсыз курулган чарба курулуштар жана тосмолор буздурулуп, ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле музей-комплекстин аймагына кирип кеткен жер тилкелеринин ээлерине бошотуп коюуга мыйзам чегинде эскертүүлөр берилди. Берилген эскертүүлөрдү аткарбаган 1 объектинин ээсинин үстүнөн Ош шаардык ИИМге, ал эми эки объект боюнча Ош шаардык сотуна материалдар даярдалып берилди. Калган тосмолорду ээлери өз ыктыяры менен бузуу иштерин жүргүзүшүүдө.