Быйылкы тарых жана маданият жылына карата «Инсан коому» коомдук бирикмеси Жалал-Абад шаарына көчө китепканасын ачып, китеп окуу мелдешин өткөрөт.

Аталган бирикме буга чейин Бишкек жана Ош шаарларына көчө китепканасын ачканы маалым. Эми бул саамалыкты улантып, Жалал-Абад шаарына асман алдындагы китепкананы ачууна пландашууда.

Андан сырткары Чыңгыз Айтматовдун 8 томдугу боюнча китеп окуу мелдеши уюштурулат.

Сынак менен китепкананын ачылышы 10-сентябрда болорун коомдун төрагасы Элдос Шерматов билдирет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү