Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата 31-августта эртең менен «Ала-Тоо» аянтында аскердик парад өтүп,  аба күчтөрү жана аскердик техника көрсөтүлөт.

Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциясы билдиргендей, иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөт өкүлдөрү жана катышат.

Кечинде президент кыргыз элин куттуктамакчы. Андан кийин маданий салтанаттар уюштурулат.

Бөлүшүү