Иран алыскы радиуска аракеттенүүчү алгачкы ракеталык комплексин иштеп чыкты.

Жекшембиде бир катар жергиликтүү маалымат агенттиктери “Бавар-373” абадан коргонуу системасынын бетине түшүрүлгөн президент Хасан Роухани жана коргоо министри Хосейн Дехгандын сүрөттөрүн жарыялашты.

Ирандын мамлекеттик ММКлары кабарлагандай, Роухани түзүмдү иштеп чыгып жаткан заводду кыдырып чыкты. Дехган билдиргендей, “Бавар-373” канаттуу ракеталарды, учкучсуз аппараттарды, баллистикалык ракеталарды кармап алууга жөндөмдүү.

Роухани журналисттердин алдында сүйлөп жатып, Ирандын коргонуу бюджети былтыркыга салыштырмалуу эки эсеге көбөйгөнүн айтты. Ал дүйнөлүк державалар менен бир үстөлгө отуруп сүйлөшүүдө Иран “кубаттуу жана биримдиктүү” бойдон калганын кошумчалады. Президент 21-августта Иран өндүрүшүнөн чыккан алгачкы реактивдүү кыймылдаткыч менен дагы тааныштырды.

Бөлүшүү