14 күн бою бүткүл жер шаары Бразилиядагы жайкы Олимп оюндарынын жүрүшүнө көз салып турду.

4 жылда бир келчү спорт майрамы кайгылуу жаракаттарга жана кызыктуу триумфтарга бай болду.

Баштала электе эле чыр менен коштолгон Рио-2016

Алгач кызытма чырынын айынан орусиялык спортчулардын 3/1 бөлүгү олимпиадага барбай калышты. Андан соң Казакстан, Белорусия сыяктуу өлкөлөр кысымга алынды. Коркунуч туудурган зика вирусунан улам оюндардын болбой калышы да ыктымал болду. Андан тышкары Рио кылмыштуу шаар катары көпчүлүк эс алуучуларды кооптонтуп турду.

Кыргызстан үчүн ийгиликсиз Рио-2016

Кыргызстан

Кыргызстандын атынан бул оюндарга 19 спортчу күч сынашкан. Анын ичинен суурулуп чыгып жалгыз коло медалды тагынган оор атлетчи Иззат Артыков болгон.

Иззат Артыков

Болуп көрбөгөндөй сүйүнүчкө бөлөнгөн өлкө спортчуга бир топ байгелерди убадалап жиберген.

Маанайды француз штангистинин алдыңкы 3-орунду алган спортчулар таза эмес деген билдирүүсү бузган жок. Бул жөн гана көрө албастык деп Иззат Артыковдун билдирмеси менен көңүлдү тынчыткан.

Бирок андан көп өтпөй спорттук арбитраждык сот (CAS) Иззат Артыков стрихнин колдонду деп айыптап дисквалификациялады.

Коло медаль колумбиялык 4-орунду ээлеген  Луис Хавьер Москеро Лозаного буйруп, Кыргызстан бир да медалсыз оюндарды жыйынтыктамай болду.

Ага карабай Рио-2016да кыргыз элинин өз сүймөнчүгү жана баатыр кызы пайда болду. Ал 5-орунду ээлеген Айсулуу Тыныбекова. Коло медаль үчүн болгон беттеште жеңилип калса да соц тармак колдонуучулары балбан кыздын эрдигин баалап, ага коло медалдын байгесин берүү флешмобу жүрүп кетти.

сүрөт: Кабыл Макешов
сүрөт: Кабыл Макешов

Арсен Эралиев 5-орунду ээлеп, калыстын адилетсиз чечиминен улам жабыр тартты деген жыйынтык чыгаргандар болгон. Калган спортчулар өзүн көрсөтө алган жок.

Arsen-Eraliev5-1068x693
сүрөт: Кабыл Макешов
  1. Арсен Эралиев — греко-рим күрөшү, 59 кг — 5-орун;
  2. Мурат Рамонов — грек-рим күрөшү, 130 кг- 11-орун;
  3. Руслан Царев — грек-рим көрөшү, 66 кг — 17-орун;
  4. Жанарбек Кенжеев — грек-рим күрөшү, 85 кг- 15-орун;
  5. Магомед Мусаев -эркин күрөш, 98 кг — 9-орун;
  6. Айаал Лазарев — эркин күрөш, 125 кг -15-орун;
  7. Айсулуу Тыныбекова — кыз-келиндер күрөшү, 58 кг — 5-орун;
  8. Юрий Краковецкий — дзюдо, 100 кг өйдө — 7-орун;
  9. Отар Бестаев — дзюдо, 60 кг 9-орун;
  10. Адылбек уулу Эркин — бокс, 81 кг- 17-орун;
  11. Юлия Архипова (Андреева) — легкая атлетика, марафон — 59-орун;
  12. Мария Коробицкая — легкая атлетика, марафон- 94-орун;
  13. Дарья Маслова — легкая атлетика, 10 000 м/ -19-орун;
  14. Илья Тяпкин — легкая атлетика, марафон -86-орун;
  15. Виктория Полюдина — легкая атлетика, марафон -62-орун;
  16. Дарья Таланова — сууда сүзүү, 100 м брасс -квалификациялык турнирди өткөн жок;
  17. Денис Петрашов — сууда сүзүү, 200 м брасс — квалификациялык турнирди өткөн жок;                                                                                                                            Медалдык зачет

Медалдардын саны боюнча алдыңкы орунда АКШ- 46 алтын, 37 күмүш, 38 коло. Биринчи үчилтикте Уулу Британия жана Кытай. Орусия 56 медалы менен 4-орунда, коңшу Казакстан 22-орунда, ал эми Өзбекстан 21-орунда.

Кыргызстан тизмеге кирген жок.

Олимпиаданын урунтуу учурлары

Башкы рекорсмен болуп бул оюндарда Майкл Фелпс аталды. Ал 23 жолу чемпион аталды. Акыры Фелпс жеңилгис катары спорттон кетүүгө макул болгондугун билдирди.

Майкл Фелпс

Жөө күлүк Усейн Болт чуркоо боюнча эч кимди алдына салбаары белгилүү болду. Дүйнөнүн 9-жолку чемпиону өзүнүн жылмаюсу менен да эсте калды.

Усейн Болт

Жараттар да болбой койгон жок. Армениялык оор атлетчи Андраника Карапетяндын штанга көтөрүүдө бутунун туура эмес абалда туруп калышы көпчүлүктү кооптондурду.

 

Француз Самир Аит Саидтин секирип абдан оор жаракат алды.

Атлеттин буту сынып, ага дароо медициналык тез жардам көрсөтүлдү.

Спортчу

Орусиялык Анастасия Белякова франциялык Эстель Мосли менен беттешке чыгып биринчи раундда эле колун сындырса да колого жетише алды.

Анастасия Белякова

Бирок оюндар кайгы-капа менен чектелген жок.

Мисалы, кытай сууга секирүүчүсү Цинь Кай сүйгөнү Хэ Цзыга турмушка чыгууга колун сурап, макулдугун алды.

Йе Цзы

Ал эми Моңголия курамасынын машыктыруучулары калыстын чечимин адилетсиз деп эсептеп чечинүүгө чейин барышты.

Моңгол балбаны Мандахнаран Ганзориг өзбек Ихтиор Наврузовго каршы мелдешкен. Эсеп 7:7 болуп аягында калыстар өзбек балбанга 1 упай берип коюшкан. Нараазы болгон моңголдор чечинсе дагы, калыс чечимин өзгөрткөн жок.

Казакстандык штангист Нижат Рахимов олимпиада медалын жеңип, лезгинка бийлеп жиберди.

Ошентип Рио-2016 оюндары да арттта калды. Ал эми алдыда Токио-2020 жана кайрадан алган сабактар менен чемпиондукка карай жол башталат.

Жакынкы арада параолимпиадалык оюндар башталат. Анда Кыргызстандын намысын үч атлет коргойт.

Пауэрлифтинг Эсен Калиев, Жыргалбек Орозбаев жана жеңил атлетчи Арстанбек Базаркулов.

 

Бөлүшүү