Ак жуумал жүз, кырдач мурун, бакыраң көз жана чоң эрин ар бир аялзатынын каалоосу. Жаратылышыңан сулуу болбосоң, маселени чечүүгө жардамга пластикалык хирургия келет.

Азыркы убакта Кыргызстанда пластикалык операциялардын популярдуулугу күн санап өсүп жатканын пластикалык хирург Искен Качкынбаев айтты.

21 жылдан ашык тажрыйбасы бар адис 10 жылдан бери кыргыз кыз-келиндер арасында дене-мүчөсүн өзгөртүүгө кызыгуулар пайда боло баштаганын белгилеп өттү.

Кыргызстанда операциялардын кайсы түрү жасалат?

Дарыгердин айтымында, Кыргызстанда пластикалык операциялардын бардык түрү жасалат.

«Алсак  маңдайдагы бырыштарды тартуу (липосакция), көздүн айланасындагы бырыштарды кетирүү, көзгө сурма жасоо (блефаропластика), сурманын салаңдап калган кабактын терисин тартуу, мурундун формасын өзгөртүү (ринопластика), эриндердин формасын өзгөртүү, төштү чоңойтуу, кичирейтүү (маммлпластика) жана башкалар», — дейт дарыгер.

Кыргызстандыктар кайсы дене мүчөсүн өзгөрткөнгө даяр?

Эң популярдуу  болуп евро веки (сурьма жасатуу) бойдон калууда. Андан соң эле чоң кулактарды кичирейтүү, 3-орунда төштү имплантациялоо турат.

Кал, бездерди алуу, курсактагы майларды тарттыруу (липосакция) боюнча да операциялар көп жасалат.

Пластикалык хирургиянын зыяны барбы?

Операцияга келгендердин жарымына дарыгерлер баш тартууга аргасыз. Себеби, бул биринчиден кооптуу. Эгер операция эч кандай текшерүүсүз жана изилдөөсүз жасалса анда кардар зыян тартып калышы мүмкүн. Операциядан соң дарыгерлердин айткандарын аткаруу керек, анпесе тескери жыйынтык болот.

«Алгач сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн соң бир нече психологиялык, онкологиялык текшерүүлөр болот»,- дейт дарыгер.

Азия өлкөлөрүндө анын ичинде Кыргызстанда сурма жасоо, ал эми Америкада курсактагы майларды алдыруу, Орусияда төштү чоңойтуу, Түштүк Америкада жамбашты кичирейтүү модада.

Кардарлардын арасында айымдар басымдуулук кылат. Бирок эркектер деле дене мүчөсүн өзгөртүүнү каалашат.

Көбүнчө кимдер кайрылат, баасы канча?

Адисдин айтымында, Кыргызстанда да элге таанылып калган адамдар арасында пластикалык операция жасаткандар бар, бирок келишимге ылайык алардын атын айтууга болбойт. Атүгүл ошол өзгөрүүнү каалагандардын басымдуу бөлүгүн элита түзөт.

Операциялардын баасы 200 доллардан 2500 долларга чейин барат. Так сумманы кардар менен сүйлөшүү жүргүзүлгөн соң тактап алууга болот.